Түркиянын элчиси кыргыз куткаруучулары канча адамды урандыдан чыгарганын айтты

Түркияга Кыргызстандан барган куткаруучулар 8 кишини аман-эсен куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.

"Катаал шартта адам өмүрүн сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенген Кыргызстандын издөө-куткаруу тобу Түркияда калган акыркы куткаруучулардын бири болду", - деди ал.

Эске салсак, Түркияга Кыргызстандан 67 куткаруучулардан турган алгачкы топ 7-февраль күнү жөнөп кеткен. 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 80 куткаруучусу, үч дарыгер жана үч жумушчу жөнөтүлгөн. Алар 21-февралда өлкөгө кайтып келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан