Түркиядагы жер титирөөдөн канча имарат кыйраганы айтылды

Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен 170 миң имарат кыйраган. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.

"Азыркы тапта келтирилген материалдык чыгым такталып жатат. Азырынча бир нерсе айтуу кыйын. Буга чейин такталган маалымат боюнча дээрлик 170 миң имарат кыйраган. Бул сан көбөйүшү мүмкүн", - деди Доган.

Ошондой эле ал сапатсыз курулуштар боюнча прокуратурага тапшырмалар берилгенин билдирди.

"Учурда кармоолор уланууда. Камалгандардын арасында куруучулардан тарта мэрге чейин бар", - деди элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан