Тармактык комитет Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында талапкерди депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Андан соң министрликке талапкер Иманалиев тармакка тиешелүү көйгөйлөргө токтолуп, сунуштарын айтып өттү.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп 24-февралда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан