Өлкөдө акыркы жумада COVID-19дун 40 жаңы учуру аныкталды

Өлкөдө акыркы жумада COVID-19дун 40 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады.

Алардын ичинен 20 бейтап ооруканага жаткырылган.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылы жана 2023-жылдын 57 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 925 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 914 (90,8 пайызы) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2 пайызы) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан