Демонстранттар Киев мэриясынын имаратын бошотуп беришти

Киев мэриясын ээлеп алган акция катышуучулары бүгүн түнү имаратты таштап кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 10-декабрда жазып чыгышты. 
Маалыматка караганда, демонстранттарды жергиликтүү мэриянын күзөтчүлөрү чыгарышкан. Алардын кандай күч колдонгондугу тууралуу азырынча маалымдала элек. Болгону учурда Киев мэриясынын имаратын аскер кызматкерлери күзөткө алышкандыгы айтылууда. 
Мындан тышкары укук коргоо органдары демонстранттардын Офицерлер үйүнүн жанына, Грушев, Крепостной көчөлөрүнө койгон тосмолорун алып ташташты. Андан соң манифестанттар президенттин администрациясына карай багыт алып, ал жерден аскер кызматкерлеринин тоскоолдугуна дуушар болушту. Демонстранттар автобус менен Институт көчөсүн бекитүүгө аракет кылышканы менен, майнап чыккан жок. Себеби аскер кызматкерлери аларды сүрүп чыгышкан. 
Учурда аталган көчөлөр милициянын көзөмөлүндө турат. Мындай көрүнүш башка көчөлөрдө да кайталанууда. Бошотулган көчөлөрдө “Беркуттун” кызматкерлери менен Украинанын ӨКМ кызматкерлери күзөттө турушат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан