Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Мирлан Бакиров берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.