Февралдын акыркы күнүнө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +9…+11 градус болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан