Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы алмашты

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Канат Асангулов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын Канатбек Тургунбеков жетектеп келген. Ал Мирлан Бакировдун ордуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп дайындалды. Ал эми Бакиров бүгүн, 27-февралда кызматынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан