Бүгүн, 28-февралга караган түнү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде жер титирөө болуп, ал калктуу конуштарда дагы сезилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-февраль түнү саат 01:36да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Эркештам жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кечээ, 27-февраль күнү эртең менен Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 6 баллдык жер титирөө болгон.