Эске салсак, 13-ноябрда 1969-жылы Ысык-Көл облусунда туулган белгилүү тамада Бакыт Букаевдин сөөгү өзү жашаган батирден табылган. Күбө Нурдөөлөт Копоевдин айтымында, саат 18:00дө тааныштары чалып, Б.Букаевди таап берүүнү суранышкан. Ал ошол күнү бир кечеде тамадалык кылмак. Б.Букаевдин телефону өчүк болгондуктан, аталган күбө тамада жашаган батирге келген. Ачкычы бар болгондуктан батирге кирип, жансыз денени көргөн.
Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза маркумдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып, анын моюну алды жагынан эки жолу кесилип, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайылганы белгилүү болгон. Көкүрөгүндө чылымдын чогу басылган 5 так калган.
Кылмыш болгон жерден манжалардын издери, эки ашкана бычагы, кан болгон медициналык кол кап алынып, Бакыт Букаевдин сөөгү өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык, биологиялык жана медико-криминалисттик экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында Бакыт Букаев ички органдарынан кан көп кеткендигинен улам каза болгондугу айтылган.Иликтөөлөрдө маркумдун батиринен Самсунг үлгүсүндөгү телефон, кара спорттук баштык жана ноутбук жоголгону белгилүү болгон. Мындан улам телефондогу сүйлөшүүлөр боюнча маалымат алууга жана уурдалган телефондун IMEI кодун аныктоого сот токтом чыгарган.Аталган факты боюнча 13-ноябрда Ленин РИИБи тарабынан "адам өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Атайын иликтөөчү топ түзүлүп, "тамада Бакыт Букаевди тоноо максатында өлтүрүшкөн" деген версия айтылган. 24-ноябрда тергөө иштеринин натыйжасында 1986-жылы туулган Худайбердиев Уланбек Турдибекович кармалган. Өзбекстандын Анжиян облусунда туулган жаран Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №36-үйгө катталганы аныкталган. Буга чейин Орусияда уурулук үчүн соттолуп, 1 жыл 6 ай абакта отуруп, 24-октябрда Орусиядан депортацияланганы белгилүү болгон. Азыркы тапта баш коргоо чарасы менен 2 айга камалган.Ал эми Букаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган экинчи адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.