Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаштын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, Нурланбек Шакиев депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип, ар бир катышуучуга ийгиликтерди каалады.
Аземдин алкагында төрага спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын айтып, кол тамгасы түшүрүлгөн бокс мээлейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.