Улуттук банктын расмий өкүлү учурда канча тонна алтын бар экенин айтты

Учурда Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралдагы маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Улуттук банк запастагы алтындын көлөмүн көбөйтүү саясатын жүргүзүп келет.

"Банкта алтындын эки түрү бар: алтын-валюта резервинде 16 тонна (1-февралга карата 87,3 миллиард сомго барабар) жана 138,5 миллиард сомго барабар болгон алтындын кору", - деди Карабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан