Терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды

Өлкө аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Караңгылатуу" деп аталган рейд бүгүндөн тарта 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө автоунаасынын маңдайкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.

Аныкталган укук бузуулар фото-видеого жаздыруу менен массалык маалымат каражаттары аркылуу профилактика иретинде чагылдырылары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан