Өлкө башчы Садыр Жапаров көзөмөлдөө органынын жетекчилерине генералдык наамдарды тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25-февралда өткөн жогорку наамдарды тапшыруу аземинде төмөнкүлөргө генералдык наам ыйгарылды:
- Башкы прокурордун орун басары Сагындык Мукашовго "генерал-майор” аскердик наамы;
- Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулуна “юстициянын генерал-майору” атайын наамы.
Ага чейин мамлекет башчысынын жарлыктары менен укук коргоо жана бажы органдарынын төмөнкү кызматкерлерине генералдык наамдар берилгени кабарланган:
- Баткен ОИИБинин башчысы Мурат Бороновго "милициянын генерал-майору" наамы;
- ИИМ Академиясынын начальниги Тариель Абитовго "милициянын генерал-майору" наамы;
- Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго "бажы кызматынын генерал-майору" наамы.