Кыргызстандын армиясында учурда дедовщина жок. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.
Андан депутат Руслан Жакышев "Азыр кыргыз армиясында дедовщина барбы? Бар же жок деп кепилдик бере аласызбы?", - деп сурады.
"Кыргыз армиясында дедовщина жок деп кепилдик бере алам. Эми ар кандай мыйзам бузууларга, аскердик тартип бузууларга кичине жолдор болуп жатат. Бул боюнча Коргоо министрлигинде тарбия башкармалыгынын башчысы чоң жумуштарды жүргүзүп жатат", - деп жооп берди Карасартов.