Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы менен жолугушту

Бүгүн, 28-февралда Астана шаарында "Борбордук Азия+АКШ" министрлер жыйынына катышуунун алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер, кызматташуунун келечектүү багыттары, ошондой эле 2023-жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти. Министр Кулубаев жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыкдар экенин билдирди.

"Тараптар Борбордук Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга умтуларын баса белгилешти. Кулубаев америкалык тарапка Сириядан кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул процесс жакынкы аралыкта бүтөөрүнө ишеним билдирди. Америкалык тарап кыргыз тараптын регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору катары мамлекеттер аралык чек ара маселелерин чечүү аракетин кубаттады", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан