Ош, Жалал-Абад облустарында сел каптоо коркунучун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Ош, Жалал-Абад облустарында сел каптоо коркунучун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Папан айыл өкмөтүндө сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө. ӨКМ тарабынан "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" планынын негизинде Ош облусунун район-шаарларында да сел коркунучунан коргоо чаралары башталды.

Бүгүн ӨКМдан 1 техника бөлүнүп, Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын сел өткөрүүчү Кызыл-Жар сайында сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө.
Ал эми Жалал-Абад облусунда сел кооптуулугу бар аймактардагы абал текшерилүүдө. Быйыл Базар-Коргон районунда "Атайын алдына алуу жана кесепеттерин" жоюу иш-мерчеминин негизинде 7 объектиде жумуш жүрөт.
Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 675 габион, 13 тонна 200 килограмм цемент, 1488 метр арматура бөлүнөт.
Аталган материалдык баалуулуктар бөлүнүп берилсе, 246 турак жай, 600 гектра айдоо жери, 250 метр ички чарбалык жол жана 4 социалдык объект сел кооптуулугунан корголот.
Ошондой эле Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жайгашкан №9, №13 сел тосмолордун ичин тазалоо жана кайрадан калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов аталган аймакты жеринен көрүп, кооптуулук бар экенин эске алуу менен тиешелүү тармактын өкүлдөрү менен макулдашуулар жүргүзүлүп, аталган аймакка ӨКМдин техникаларын жана товардык материалдык балулууктарын бөлүп берүү тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, 2021-2022-жылдары Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүдө жайгашкан сел тосмолор жарылып, бир топ турак жайларды сел каптап, айрым имараттарды жараксыз абалга кептеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан