Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?

Март айында Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол эле учурда эки ишемби иш күнгө которулган. Бул боюнча министрлер кабинетинин токтому чыкты.

8-март (шаршемби) Эл аралык аялдар күнү катары дем алыш деп белгиленди.

Ал эми Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алабыз:

  • 18, 19-март — ишемби жана жекшемби
  • 20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишембиге) жылдырылды
  • 21-март — Нооруз (майрам күн)

Ошондой эле 11-мартта (ишемби) 5-январдын эсебинен иштейбиз. Ал эми 6-январдагы иш күнү 25-мартка (ишемби) жылдырылган. Эске салсак, кыргызстандыктар 1-январдан 9-январга чейин эс алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан