Кыргызстанга Орусиядан жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү жаңы унаалар келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңы техникаларды кабыл алуу аземи эртең, 1-мартта Бишкектеги Эски аянтта өтөт.
"Гранттык негизде өлкөгө алып келинген техникалар боюнча Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путиндин буга чейин өткөн эки тараптуу жолугушуусунда макулдашылган", - деп айтылат маалыматта.