Бишкектеги жол тыгыны: Кайгуул кызматы билдирүү жасады

Бишкекте канализациялык иштерден улам жабылган Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүнө байланыштуу милициянын кайгуул кызматы билдирүү жасады.

Кайгуул кызматы билдирүүсүндө Асаналиев көчөсү жабылгандыгына байланыштуу жол тыгыны оорлогонун билдирди.

"Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын Асаналиев көчөсү, Гагарин көчөсүнүн кесилишинен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине чейин жана Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишине чейин, борбордук канализация түтүктөрү салынып жаткандыгына байланыштуу убактылуу жабылган.

Учурда жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине байланыштуу бардык унаалардын каттамы Лев Толстой, Матыев жана Жаш Гвардия бульвары аркылуу өткөн унаа каражаттарынын каттамы оорлоду.

Урматтуу айдоочулар! Жогорудагы унаа жолдору аркылуу өтүүдө алдын ала маршруттарды тандап, убакытты эртерээк алууга жана альтернативдүү жолдорду тандоого чакырабыз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Ошондой эле кайгуул кызматы жол белгисин дагы убактылуу өзгөрттү. Тагыраагы, Жаш Гвардия бульвары менен түштүктү карай бара жатканда Лев Толстой көчөсүнөн эки тилке батышка карай бурула алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-03-02 09:51:00
Фучик көчөсүн Л. Толстой көчөсүнө чейин ачкыла да. Бишкек кичинекей шаар бир көчөсүн жапсаңар эле бүтүндөй шаарга оорчулук келип атат. Новопавловка айылындагы корсакова көчөсүн ачкыла Гагаринага чейин Сокулук тараптан келе жаткан унаалар шаарга кирбестен эле корсакова көчөсүнөн Ахунбаев- түштүк магистралына чыгып кеткидей кылып... Ошондо шаардагы бир топ жол тыгындары жоюлат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан