Өлкөдө окуучулардын жазгы каникулу 22-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.
Кабарга ылайык, жазгы каникул 5 күнгө созулат, ал эми сабактар 27-мартта башталат.
"Өкмөттүн токтомуна ылайык, 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алуу жарыяланган. Буга байланыштуу окуучулардын каникулу 22-мартта башталып, 26-мартка чейин созулат. Сабактар 27-мартта башталат", - деп билдиришти мекемеден.
Маалымат үчүн: Республика боюнча жалпы 2333 мектеп бар. Анда 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алып келет.