Калаа башчысы "Тазалыкка" 17 бирдик атайын техника алынганын айтты

"Тазалык" ишканасы үчүн 17 бирдик атайын техника алынды. Бул тууралуу калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, автопаркты толуктоонун аркасында шаар жеке компаниялардан көз каранды эмес.

"Биз атайын датчиктери бар таштанды контейнерлерин орнотууну пландап жатабыз, алардын ишин операторлор көзөмөлдөп, "Тазалык" ишканасы толуктугу тууралуу билдиришет. Өз кезегинде бригада ыкчам тартипте таштандыларды чыгарат", - деген мэр.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан