
Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү
Тазабек Икрамов абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды.
"Кечээ интернетте жаңы төрөлгөн ымыркайы менен сотко келген аялдын сүрөтү чыкты. Ушуну эми адилеттүү чечип берип, аял кишинин карызын мамлекет жактан болсо да караштырып берсек. Эми ырайым кылып берсеңиздер. Аял кишини бизде ар дайым сыйлап келген. Адашпаган адам жок", - деди Икрамов.
Белгилей кетсек, кечээ жактоочу Замир Жоошев сот залында жаңы төрөлгөн ымыркайы менен келген аялдын сүрөтүн жарыялаган. Анын айтымында, келин алдамчылыкка айыпталып, 2022-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган.
Ал "Дордой" базарында иштеп, жогорку пайыз менен алган акчасын кайтара албай калганы үчүн кош бойлуу кезинде камалып, ошол жакта 15-февраль күнү көз жарган. Үйүндө күйөөсү менен жашы жете элек дагы 6 баласы калган. Жактоочусу өкүмгө макул болбой шаардык сотко даттанган.