"Бишкекте 10 күн ичинде жол тыгыны көбөйдү". Мэр көйгөйдү чечүү жолун айтты

Бишкек шаарында 10 күн ичинде жол тыгыны көбөйүп кетти. Бул туурасында калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, буга Некрасов көчөсүндө канализация салуу боюнча иштер жүрүп жатканы себеп болууда.

"Бишкек шаарында 10 күн ичинде жол тыгыны аябай көбөйүп кетти. Мунун себеби Некрасов көчөсүндө канализация салуу боюнча иштерди жүргүзүү себеп болууда. Бирок мен иш жүргүзүп жаткан "Бишкексууканал" ӨЭБсына 3 нөөмөттү иш жүргүзүү боюнча тапшырма бердим. 3 айда бүтө турган жумуш 1 айда бүтүшү керек. Тыгын көйгөйү жаралбашы абзел", - деди мэр.

Мындан тышкары мэр коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн газ кыймылдаткычы менен иштеген 1500 жаңы автобус сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан