Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралууда.
Жыйында эл өкүлү Русланбек Жакышов Иманалиевге кайрылып, "Сизди министрлик кызматка ким сунуштады? Эмне себептен сунуштады?" деп собол салды.
"Мени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сунуштап, президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров колдоп, бир пикирге келишкен. Бул мен үчүн чоң ишенич. Ал ишеничти ишим менен көрсөтүшүм керек", - деп жооп берген Иманалиев.