1-апрелден тарта мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди.
Маалымдалгандай, бул үчүн министрлер кабинети 481 миллион сом бөлгөн.
Иманалиев ошондой эле чет элдик адистер Кыргызстанга келип, директорлорго башкаруунун жаңы ыкмаларын үйрөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Министр кошумчалагандай, алар үчүн жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп бериши керек.