УКМКнын атайын багыттагы аскерлери Дубайда өткөн эл аралык мелдеште 8-орунду багындырды

УКМКнын атайын багыттагы аскерлери Дубайда өткөн эл аралык мелдеште 8-орунду багындырды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, “UAE SWAT Challenge 2023” эл аралык мелдеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери катышкан.

Күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бул бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өттү. Быйыл 28 өлкөдөн жарыяланган 65 команданын 55и мелдешке катышты.

Таймаштын жүрүшүндө атайын күчтөрдүн кызматкерлери ар кандай тактикалык тапшырмаларды аткарып, тоскоолдуктарды жеңип, ар кандай куралдардан бутага сокку урушту, ошондой эле “барымтадагыларды” бошотуп, жарадарларды эвакуациялашты.

Акыркы этапта атайын күчтөрдүн кызматкерлери эң татаал тоскоолдуктардан өтүшкөн. Командалардын жарымы гана бул тоскоолдуктардан өтө алышкан. УКМКнын 9-кызматынын жигиттери төрт мүнөттөн ашык убакыт көрсөтүшүп үчүнчү орунду ээлешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-03-01 22:06:00
абдан жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан