Москвада 6-март күнү "Кыргызстан менен Орусиянын келечек үчүн диалогу" аттуу кыргыз-орусиялык аялдар форуму биринчи жолу өтөт. Бул тууралуу Федерация кеңеши билдирди.
Маалымдалгандай, пленардык жыйын саат 10:00дө башталат. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко модератор болмокчу. Уюштуруучулардын маалыматында, форумдун коноктору менен катышуучуларынын алдында президенттин жубайы Айгүл Жапарова сөз сүйлөйт.
Форумдун алкагында тематикалык секциялар дагы пландалган:
- №1 секция — "Аялдардын парламенттик диалогу жана мыйзам жаратуучу";
- №2 — "Гуманитардык, коомдук жана кайрымдуулук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү";
- №3 — "Билим берүү жана маданият. Таланттуу балдарды жана жаштарды колдоо";
- №4 — "Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, эне жана балага мамлекеттик колдоо көрсөтүү";
- №5 — "Аял ишкерлер: евразиялык өлчөм".