Президент Садыр Жапаров Грециянын президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан улам көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
“2023-жылдын 1-мартында Грецияда болгон поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди" деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Белгилей кетсек, 1-мартта Грецияда жогорку ылдамдыкта бараткан жүргүнчү ташыган поезд менен жүк поезди бетме-бет сүзүшкөн. Кырсык Лариса шаарына жакын жерде жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 12ге жакын болгон. 350 жүргүнчүсү менен Афинадан Салоники шаарына бараткан поезд бет маңдай келаткан жүк поезди менен кагылышкан.