Өмүрбек Текебаев: “Өзгөчө оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуунун мөөнөтү бүтпөй тургандай кылып мыйзам жазыш керек”

Кыргызстанда бардык өзгөчө оор кылмыштарга күнөөлүү адамдарды жоопко тартуунун мөөнөтү бүтпөй тургандай кылып өзүнчө мыйзам жазыш керек. Муну ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 10-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. Айтымында, мындай тажрыйба Германия, Венгрия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө бар.  

“Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда коррупция боюнча гана өтө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жок кылуу каралууда. Эгер муну кеңейтебиз десек, шашпай өзүнчө мыйзам даярдаш керек. Дүйнөдө фашисттерди 90, 100 жашка чыкса деле араба менен сот залына алып келип соттоп жатат го. Биз да ушундай шартта иштесек болот”,- деди Текебаев.    

Айта кетсек, жыйында “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан