Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Кабарлангандай, Биринчи май районундагы Исанов көчөсү 79 дарегинде жайгашкан "79" бизнес борборунун аймагына "Эвокс" ишканасынан эки электр кубаттоочу жай орнотулду.
Экокодолбоор Биринчи май районунун акимчилиги менен бизнес-борбордун администрациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аркасында ишке ашырылды.
Мындан ары мындай станциялардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.
Биринчи май акимчилиги экологиялык кырдаалдын шарттарын жакшыртуу жана шаарды өнүктүрүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга бизнес өкүлдөрүн чакырат.
Толук маалыматты төмөнкү дарек боюнча алууга болот: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 348, Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн телефон: +996 (312) 661 537.