Эне тилге эки мүнөт рубрикабызда туруктуу сөз айкаштарын чечмелөөнү улантабыз. Бул жолу ташка тамга баскандай, чаар ичеги, чуу куйрук, бел чечпөө, ит жандуу, көлөкөгө тон бычуу фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.
Ташка тамга баскандай - ачык-айкын, даана, так, унутулгус. Мисалы, Бирөөнүн кемчилигин же кылмышын көрсө ташка тамга баскандай айтып коёт.
Чаар ичеги - кыйды, митаам, арамзалыгын ичине каткан, оңой менен ачылбаган. Мисалы, Ал чаар ичегисиң го? - деп баланы тамашалап койду.
Чуу куйрук - чуулгандуу, жоболоңдуу, жөн жүрбөгөн, дүрбөлөң түшүрүп жүрүүчү, жаман жагы менен аты чыккан. Мисалы, Чуу куйрук чуркап өтүп кеткен чакта, Изинен өзөк, жалаа, ушак өнгөн.
Бел чечпөө - тыным албоо, тынбай аракеттенүү, күндүр-түндүр иш үстүндө же жоо бетинде болуу. Мисалы, Чырым ушул учурда күнү-түнү бел чечпей иштеди.
Ит жандуу - чыдамкай, ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого туруштук бере ала тургандай, чыдамдуу. Мисалы, Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей ит жандуу болуп жүрө берген.
Көлөкөгө тон бычуу - кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Мисалы, Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн.