Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынды (фото)

Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Чүй проспектиси жана Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн боюндагы "Бибигон", "Бегемот", "Оазис" тез татым түйүндөрү алынды.

Ошондой эле Мурас-Ордо конушунун жашоочуларынын суу алуучу коргоо зонасы боюнча доо арызынын негизинде туруктуу курулма демонтаждалды.

Мындан сырткары, Ак-Ордо конушундагы Барсбек жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги гриль сатуучу жеңил объект жана Ак-Босого конушундагы Архитектор жана Беларусь көчөлөрүндөгү соода күркөлөрү, Чокморов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон күркөлөр да алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
udoqawje
2023-03-02 22:03:00
- - - -
0
yudau
2023-03-02 22:45:00
wow...
0
Marat
2023-03-02 23:28:00
Мызам иштегени жакшы Мызамды сакташыбыз керек
0
jam77
2023-03-02 23:54:00
...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан