Быйыл Тажикстанда Жаңы жыл Аяз ата, Аяз кызсыз өтөт

Тажикстанда Жаңы жыл Аяз ата, Аяз кызсыз өтөт. “Радио Озоди” билдиргендей, жаңы жылдык телекөрсөтүүлөргө Аяз кыз менен Аяз ата чакырылбайт жана балатылар да болбойт. Ал гана эмес, мамлекеттик телеканалдардан жаңы жылдык берүүлөр көрсөтүлбөйт.

Тажикстандын Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Дилафруз Амиркулов:"Мындай кадамдар Жаңы жылды абдан чоң майрам катары кабыл албоо үчүн жүргүзүлүүдө. Ал эми жакшы даярдыктагы чоң салтанат Нооруз майрамында болмокчу",- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан