SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Кенжекул Усупбай уулу.
АПАМА ОКШОШ АПАКЕМ!
Апам эле бир кездеги азыгым,
Апасы жок канчасы өттү жазымдын.
Капысынан жардам берип апага,
"Кагылайын" дегенине жашыдым.
Окшош экен, кара тору ал апа,
Ороп жоолук салынганы апама.
Тирүү көрүп турган менен кубанып,
Тилим тиштеп, көз көнбөдү бат ага.
Колум кармап, коё бербей сүйүнтүп,
Кош кареги жан дүйнөмдү бүлүнтүп,
Алкап айткан "айланайын" сөзүнө,
Арбалдым да, арнап салдым сүйүүм бүт.
Ал ансайын зериктирбей адамды,
"Азыр келет, күтүп турам баламды",-
деп жайдары сурап кирсе тегимди,
Дем чыгарбай, турдум эстеп апамды.
Сыртым күлүп, ичим турду эзилип,
Сулуу апам, апам болуп сезилип.
Жоготконум жыйырма жыл илгери,
Жолдон чыгып, калбадыбы кезигип.
Эт, сүт, майга, нанга толо чоң аштык,
Эки жакка кармап алган кол баштык.
Айыл десе ээрчип алган күндү эңсеп,
Алдым азыр бир сүйүнүп, бир какшып.
Айланайын, калба эми деп жолуңдан,
Ачып баштык, берди не бир сонундан.
Ал аңгыча уулу келип мага окшош,
Алып кетти, апакемди колумдан.
Асыл апам, бир көрүндүң кубанттың,
Алдыдагы жашоомду бир узарттың.
Асман тиреп, жерге батпай сүйүнчүм,
Амандыгың тилеп жолго узаттым.
КАНДАЙ ЭЛЕҢ, АЙЫЛЫМ?
Келдим эле сагынып айылымды,
Кечээ алып колума айлыгымды.
Баягыдай жайдары айыл күтпөй,
Отурамын бүт эстеп ай, жылымды.
Өңдөн азып кетиптир, ойго баттым,
Бир түнөдүм, уктабай ойгоо жаттым.
Колдон жулуп алгандай кетиптир го,
Кайда айылым, баягы олжо, бактың?
Баягынын бири жок, күлкү, шаңдар,
Баягынын бири жок, сүйчү жандар.
Супсак батып, күн дагы уясына,
Супсак атып калыптыр, күтчү таңдар.
Көзүм мокоп, же курчтап баратканбы,
Көрүп жатты сенден бүт жараттарды.
Кыял, мүнөз же менин өзөргөнбү,
Көзүм жаштап, жүрөгүм канап калды.
Көргөн менен досторду, туугандарды,
Көрө албадым жүрөгүн сунган жанды.
Айылда деп аруулук, эңсеп келсем,
Айылым да шаардай булганганбы?
Кир суу таза сууларга кошулгандай,
Кирип-чыкпайт, баары жат, чоочундардай.
Сүйүүм кетти, көр тирлик бек байлаптыр,
Сүйгөн жан жок колуна чогун кармай.
Кандай элең, айылым, кандай, кандай ...?\
СОНУН ЖОЛДУ БАШТАЙЛЫ
Өткөн өтөт, күн артынан күн өлбөйт,
Өткөн күндү өмүрлүү күн түгөлдөйт.
Биздин жолдор кылым жолу, узак жол,
Бизден кийин дагы бүтпөйт, түгөнбөйт.
Канча өмүрлөр өтүп жатат токтобой,
Кантип аны тура алмакпыз жоктобой?
Жакшыларды сактап калыш керекпиз,
Жакшым, бирок, кантип... салчы, ортого ой?
Баса калып жакшыларды көнүппүз,
Баскан жолго жаман сууну төгүппүз.
Тарых айтса, тамырлардан кан жүрбөйт,
Тагдыр, аттиң, баарын бирден көмүппүз.
Курчап алдык, тигил бурчтан, бул бурчтан,
Кутулбадык көрө албастык турмуштан.
Кучак толгон шумдук жылуу сөз айтып,
Кур калабыз ой айткан миң "тунгучтан".
Көзүңдү ачсаң, бүтүн бекем курчалган,
Кошоматчы, алдамчы анан күч алган.
Заман келди, заман келди, туугандар,
Зарын, муңун үйдөн айтып күү чалган.
Кел, тууганым, жакшы жашоо баштайлы,
Кең келечек куруп, бирок шашпайлы.
Кеткен кетти, ыйман алды тазарып,
Кемтик издеп, көнгөн жолду таштайлы.
Колдош болуп, жолдош болуп бүгүндөн,
Кел, туугандар, сонун жолду баштайлы.
ЖАЗЫМ КЕЛДИ
Өткөн күнүм өттү дебе, унутпа,
Өмүр жолуң баары келип буйрукта.
Кыш да бүтүп, өз жашоосун баштады,
Жазым келип, кол коюлуп буйрукка.
Жел сыңары адашпастан айдалып,
Бирөөгө жок, бирөөгө бар пайда алып.
Убайымга салып-салбай кайра эле.
Тирүүлүк бул келет тура айланып.
Эмки жылга чейин аман жашайын,
Деп узаткам кечээ ичип жаз чайын.
Көз ачканча бир жыл өтүп, кайрадан,
Минтип аман турам көрүп жаз айын.
Амансыңбы, кош келипсиң, көктөмүм,
Күтүп жүргөм, көрсө экем деп көркөмүң.
Босогоңду аттап, көргөн үчүн мен,
Бир кылымдык жашоо алып көктөмүн.