Сотторду тандоо
кеңешинин мүчөлөрү кеңештин айланасында пайда болгон кырдаалга байланыштуу
президент Алмазбек Атамбаевге кайрылууну сунушташууда. Мындай билдирүү кеңештин
бүгүн, 10-декабрда өткөн жыйынында айтылды.
Сотторду тандоо
кеңешинин мүчөлөрүнүн президентке кайрылуусуна соңку кездерде ажого кеңештин ишмердиги тууралуу туура эмес
маалыматтар жетип жаткандыгы себеп болгон дешет.
Кеңеш мүчөлөрүнүн айтымында, айрым адамдар аларды сотторду тандоодо акча алып жатат деп күнөөлөй баштаган.
Сотторду тандоо
кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев бүгүн (10-декабрь), күндүн экинчи жарымында
президент катышкан “Сот системин реформалоо” боюнча жыйын өтөрүн, анда кеңеш
мүчөлөрүнүн кайрылуусун президентке жеткирерин кабарлады.