Ө.Текебаев: "2003-жылкы “Кумтөр” келишимине күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу мөөнөтүнүн эскиришин жоё турган мыйзамга жакында кол коюлуп калышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 10-декабрдагы жыйынында “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Өмүрбек Текебаев демилгелеген бул мыйзам долбоору 2003-жылкы “Кумтөр” келишимин түзүүгө күнөөлүү аткаминерлерди жоопко тартуунун мөөнөтүнүн бүтүшүн жокко чыгарат. Азыркы мыйзам боюнча, өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл. Андыктан 2003-жылкы келишимге катышкандардын кылмышы быйыл 31-декабрда эскирди деп табылып, алар жазага тартылуудан кутулганы турат.

Талкууда депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоору кечигип каралып жатканын, Жогорку Кеңештен кабыл алынганы менен, 31-декабрга чейин президент кол коюуга жетишпей турганын айтты. Буга Өмүрбек Текебаев макул эмес. 

“Жогорку Кеңеш тезирээк кабыл алса, президент ойлонбой туруп кол коюп берет деп ойлойм. Анткени муну Коргоо кеңешинин жыйынында президент колдой турганын билдирген. Бир аптанын ичинде кол коюлуп, мыйзам күчүнө кирип калышы толук мүмкүн”,- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан