Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымбаев Нурил Жайылбекович президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ өткөн жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешмеде канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан аларын айткан.