Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумагазиев Канат Сагынович президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди ээлеген кызматынан бошоткон.