Садыр Жапаров Сокулук районуна жаңы аким дайындады

Илияз Ташкулов Сокулук районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташкулов Илияз Акжигитович Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан