Дамира Ниязалиева чет өлкөдө төрөлгөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн 2014-жылы 2 миллион сом бөлүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева 10-декабрдагы Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында чет өлкөдө төрөлгөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн 2014-жылы 2 миллион сом бөлүүнү сунуштады.

Анын айтымында, 2013-жылы бөлүнгөн 1 миллион каражат жетишсиз болгон. Каржы министрлигине кайрылып жатып “Сиз да энесиз. Чет өлкөлүк төрөт үйлөрүндө биздин балдар жашап жатат. Социалдык өнүктүрүү министрлиги каражаттын жетишсиздигинен аларды алып келе албай жатат. 2014-жылы бул багытта 2 миллион сом бөлүп берүүңүздү суранат элем” деди.

Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилүүчү жөлөк пулду жогорулатуу үчүн кошумча каражат берүү керектигин айтты.

“Дагы эле энелик сезимге таянып айткым келет. Үйдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы карап отурган адамды элестеткиле. Ал жөлөк пул менен кантип жашашы керек? Баласын багуу менен гана чектелбей, дары-дармек да сатып бериши керек”,- деди Ниязалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан