Эске салабыз. Бүгүндөн тарта жол эрежелерин бузган айдоочуларга жаза күчөтүлөт

Бүгүн, 8-марттан тарта жол эрежелерин базган айдоочуларга чара күчөтүлөт. Бул жөнүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, жаңы мыйзам долбоору ЖКККББ тарабынан демилгеленип, 2022-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган. Документке өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңы эрежеге ылайык, төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:

- мас абалында унаа башкарган айдоочулар күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат;

- унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандардын мас абалында рулга отурганына буга чейин 15 миң сом өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары үч суткага камалат;

- мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда, буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары айдоочу үч суткага жана айдоого укугу жок айдоочу беш суткага камалат. Ошондой эле спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат;

- айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин 20 миң сом айып салынган же беш суткага чейин камалган;

- эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан мас абалында рулга отурса жана жол кырсыгына кабылган учурда автоунаасын убактылуу алып коюу менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

- бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан