Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызгаздын” жетекчисин өкмөт отставкага кетирбей жатканын айтты

ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 10-декабрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт “Кыргызгаздын” башчысын отставкага кетирүү боюнча токтомду аткарбай жатканын айтты.

Абдылдаев токтом бир жыл мурун кабыл алынып, бирок “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев иштен алына электигин жана аталган мекемени сатуу боюнча макулдашууга кол коюлганын билдирди.  

Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Бул маселе жыйындарда бир нече жолу көтөрүлдү. Бул өкмөт аткарбай жаткан биринчи токтом эмес” деп билдирди.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан