20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган аялдар бүгүн, 10-декабрда журналисттер үчүн жыйын өткөрүштү. Эске сала кетсек, алар ачкачылык жарыялоонун жүрүшүндө орозо тутушкан.
Жыйындын жүрүшүндө "Оштун борбордук аянтында жайгашкан депутаттын коргоо комитетинин штабына келип, анын бошотулуусун талап кылган тизмеге жазылгандардын саны бүгүнкү күндө 19000ге жакындады" деп билдирди "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева. Ошондой эле ал буга чейин орозо туткан аялдар президентке, өкмөткө кайрылуу жолдоп, бирок эч кандай жооп ала албаганын кошумчалады.
Ал эми Ахматбек Келдибековдун бир тууган эжеси Сайракан Белекбаева: "Ахматбекти үй камагына чыгарып деле суракка алса болмок, ал кылмышкер эмес качып кеткидей, же кылмышын аныктагандан кийин камасын. Биз эртеңден баштап саясий ачкачылык жарыялайбыз",- дейт.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата "2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон" деген айып тагылууда.