Кыргызстанда орозо айы 23-мартта башталары белгилүү болду. Ага ылайык, 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ал эми 23-март күнү Орозо айынын биринчи күнү болуп эсептелет (Жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн).
SUPER.KG порталы орозого тиешелүү соболдор менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуровго кайрылып, жооп алды.
Орозонун пайдалары
Орозонун эң биринчи пайдасы – Алла Тааланын алдындагы парзды аткарган болобуз. Бул үчүн сооп алабыз. Медициналык жактан дагы пайдасы көп. Балакатка жеткен, акыл-эстүү, дени-сак адамга Рамазан айында орозо кармоо парз болуп эсептелет. Ошондой эле орозо туткан адам 30 күн бою бир режимди карманып, бир калыпта тамактанып, өзүн-өзү тарбиялайт. Муну менен ал өзүнө жакшы адаттарды өздөштүрөт. Орозодо ачка болгон учурда муктаж болгон адамдардын да деңгээлин түшүнө алабыз.
Орозо кармоо кимдерге сунушталбайт?
- Ооруп жаткан адамдарга (Мисалы, кант диабети сыяктуу тез тамактанып турууга муктаж болгон оорулар менен жабыркаган жарандар) улгайган кишилер (ден соолугуна жараша) орозо сунушталбайт. Бирок ал үчүн акысын (садака) берет. Ошондой эле балакатка жете элек балдар, кош бойлуу аялдар жана бала эмизген энелер орозодон бошотулат. Бирок кийин анын казасын кармап берүү керек болот. Мисалы, кош бойлуу аял баласын жарык дүйнөгө алып келгенден кийин.
Орозо кармоодо эмнелерге тыюу салынат?
- Орозо кармаган киши ар кандай жаман сөздөрдөн, жаман кылык-жоруктардан, мусулмандардын көңүлүн оорутуп коё турган иштерден алыс болушу зарыл. Эгер орозо кармап, сөгүнүп сүйлөп, күнөө иштерге кириптер боло берсе орозо кармагандын пайдасы жок.
Орозо кандай учурда бузулат?
- Орозо төмөнкү учурларда бузулат:
Мындан тышкары орозодо ушак сөздөрдөн алыс болуу абзел. Эгер жаман сөздөрдөн, ушактан тилин тыйбаса анын оозу ачылып калуу коркунучу бар.
Орозо учурунда унутуп калып тамак жеп жиберсе орозо бузулабы?
- Ал учурда орозо бузулбайт. Эгер чындап эле унутуп калып, тамак ичип курсагын тойгузуп алгандан кийин эстеп калса, ошол учурда дароо тамактанууну токтотуу зарыл. Ал адам орозосун уланта берет. Бузулду деп эсептелбейт, тагыраагы анын казасын дагы кармабайт. Аны Алла Таала сыйлаган болот. Эгер адам калп эле өзүн алдап унутуп калган адамдай көрүнүп, тамак жеп алса анын оозу ачылып калат.
Орозонун казаларын кармабай туруп, бул жылы орозо тутса боло береби?
- Болот. Ал каза (карыз) боюнча тура берет. Жаран мүмкүнчүлүгү болгондо кармап берет. Экинчи жылдын орозосуна өткөн жылдын каза орозосунун таасири жок.
Ооз жапкандан кийин тиш пастасын колдонууга болобу?
- Мүмкүн болушунчу колдонбогон жакшы. Тиш пастасын колдонууда ооз ачылып калуу коркунучу бар. Кайсы гана ибадат болбосун күмөн жарата турган нерселерден оолак болгон жакшы.
Орозо кармаган адам узак сапарга чыга турган болсо, оозун ачып алууга мүмкүнбү?
- Ооба, эгер сапар машакаттураак болуп, кыйынчылык жарала турган болсо оозун ачып алса болот. Бирок кийин Рамазан айы бүткөн соң канча күн калтырган болсо, казасын кармап берет.
Орозонун казаларын кантип толуктоо керек? Канча күн каза кылса, аларды удаа кармоо шартпы?
- Эгер орозонун ичиндеги 2-3 күндүк каза болсо, ал милдеттүү эмес. Сапардын же оорунун себеби менен 1-2 күн каза болсо, анда мүмкүнчүлүгү болгондо кийинки рамазан айына чейин орозо кармап берсе болот. Болушунчу эрте кармаганга аракет кылуу максатка ылайык. Бирок орозону кармап туруп "жок, мен орозо карбайм" деп атайылап оозун ачып алса, ага (каффарат важип) айып болуп калат. Ал киши анда эки ай үзгүлтүксүз орозо кармап бергенге милдеттүү болот.
Саарлыкта ооз жапканга турбай калса орозо бузулбайбы?
- Мындай учурда ойгонгон учурда ниет кылып коюп, орозосун уланта берет.
Оозду белгиленген убакыттан эрте жабууга болобу?
- Айырмасы жок. Атайын сухур үчүн бир ууртам суу ичип алып, анан ооз жапкан жакшы. Бир-эки саат эрте жапса деле болот. Негизгиси белгиленген убакыттан кийин тамактанбаш керек.
Орозо кармоодо адам кандай пайда табат?
- Орозонун сообу көп болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан Алла Таала айтат, бардык амалдардын сооптору өлчөмү менен берилет. Бирок Алла Таала орозонун сообун өзүм берем деген.
Орозо касиеттүү ай. Бул айда көбүрөөк ибадат, дуба кылып, Кудайды көп эстеп, жакшы амалдарды арбын кылуу зарыл. Мүмкүнчүлүгү бар жарандар садака иштерди жазса дагы жакшы.