Муфтият быйылкы жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча 2023-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы битир-садаканын өлчөмү 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма).

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ыйык Орозо айы 23-мартта башталат. Орозо тууралуу маалыматтарды шилтемеге кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан