Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв республикалык мектебинин 11-классынын окуучусу, грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өткөн дүйнөлүк жаштар арасындагы мелдештеги коло медалдын ээси Нусупбек Топчубаевди кабыл алды. Жолугушууга Н.Топчубаевдин машыктыруучусу Жеңиш Сатыбалдиев да катышты.
Спортчунун машыктыруучусу Ж.Сатыбалдиев окуучусунун ийгиликтерине токтолду. Акыркы жолу 2013-жылдын август айында Сербияда дүйнөнүн 47 өлкөсүнөн спортчулар катышкан дүйнөлүк жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 50 килограмм салмактагы 30 балбандын ичинен коло медалды жеңип алганы айтылды.
Спортчуну жалпы депутаттардын атынан куттуктаган Өмүрбек Текебаев ага келечекте кыргыз эли сыймыктана турган жеңиштерге жетүүсүн каалады. Алдыдагы күрөштөрдө ийгиликтерди жаратууга тынбай машыгуу зарылдыгын айтып, кандай жардам керек болсо кол сунууга даяр экенин билдирди.
Фракция лидери жаш балбанга китеп белек кылып, эстеликке сүрөткө түшүшкөнүн ЖКнын маалымат кызматы билдирди.