Ош шаарындагы коомдук унаалар кышка даяр

Ош шаарындагы коомдук унаалар кышка даяр. Бул тууралуу Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Шайлообек Атазов билдирет. 
Учурда шаардагы жүргүнчүлөрдү 1076 коомдук унаа тейлейт. Коомдук унаалардын кышка даярдыгын текшерүү учурунда 187 унаа кышка даяр эместиги белгилүү болду. Алардын ичинен 19 унаанын тазалыгы жана кээ бир тетиктери талапка жооп бербегендиги үчүн айдоочулар эскертүүлөрдү алды. Бардык айдоочуларга кышка даярдык көрүү боюнча 2 жумалык мөөнөт берилип, 7 айдоочу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан