
Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында аскердик кызмат өтөөнү 12ден 14 айга жана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Ага ылайык, мыйзам долбоору аркылуу жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскерди кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.
Талкуу маалында депутат
Эмил Жамгырчиев аскер кызматчыларынын арасындагы бири-бирине үстөмдүк кылуу мамилелерине жол бербөө керектигин баса белгилеп, бир жылдык аскер кызматын дагы 2 айга узартуу сунушун кайра карап чыгууга чакырды.
Жыйынтыгында сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.