Ош. Алай районунда бош жумуш орундарынын жарманкеcи болуп өттү

Кечээ, 9-декабрда Алай районунда бош жумуш орундарынын жарманкеси болуп өттү. Аталган  иш-чара КРнын Эмгек, миграция  жана иш менен камсыз кылуу министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага  200дөн ашуун жумушсуз жарандар катышышты. Жарманкенин жүрүшүндө  52 бош жумуш орду коюлуп, жумуш берүүчүлөр жана жумушсуздар ортосунда биринчи пикир алышуулар жүрдү. Жыйынтыгында 9 адам жумушка кабыл алынган. 

Мындан сырткары жумуш издеген жарандар мекеме-ишканаларга маектешүүлөргө чакырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө жумушсуз жаштарга туура кесип тандоо боюнча кеп-кеңештер берилди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан